"Эми мэрия маселени башынан аягына чейин чечүүгө ниеттенет",- деди бүгүн, 4-февралда журналисттер менен жолугушуусунда Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов.
Анын айтымында, шаар башкармалыгы Бишкектин өнүгүү концепциясын түздү. "Ага ылайык, эми мэрия эл үчүн ачык түзүм болот. Ар бир көйгөйгө толук көңүл буруп, аны чечүүгө бардык күчүн жумшоого аракет жасайт. Мунун баарын көрсөтүш үчүн маалыматтык иш-чараларды өткөрөбүз",- деди шаар башчысы.