Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кириши кыргызстандык мигранттарды патент алуудан бошотот. Маалыматты бүгүн, 4-февралда "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Мекеменин билдиришинче, 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген "Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө" мыйзам кыргызстандык мигранттар үчүн патент маселесин күчөттү. "Негизинен, патент алуу тартиби татаалдашты, анткени 30 күн ичинде аны алуу, чындыгында, мүмкүн эмес. Мындай кырдаал чет өлкөлүк жарандардын 10-15 миң рубль айып пул төлөй албагандыгына алып келип, алардын мыйзам бузуп "нелегал" болушуна түрткү болууда. Мындан улам мигранттардын көбү "кара тизмеге" кирип калышы толук мүмкүн",- деп билдирет ассоциация.
"Экинчиден, патенттин баасы да терс пикирлерди жаратты. Мигрант борбордо мыйзам чегинде медициналык кароодон өтүшү жана полис алышы үчүн буга чейин 14 миң рубль төлөсө, эми бул сумма 20 миң рублга жетти. Ал эми Орусиянын тарыхы, мыйзамы жана орус тилин билүү боюнча сынактын сертификатын алуу 5 миң рублга чейин жетүүдө. Ошентип, патент алууга жалпысынан 58 миң рубль кетмекчи.
Үчүнчүдөн, эң оор болуп саналган көрүнүш - мигранттардын моралдык абалы. Патент алуу жолундагы бюрократиялык тоскоолдуктар мигранттарга таасир этет, анткени алар кезекти бир сутка жана андан ашык күтүүгө аргасыз",- дешет мекендештер.
Орусияга эмгек мигранттарына патент режимин киргизүү пайдалуу, анткени ай сайын ар бир чет өлкөлүк жарандан 3 миң рублдан түшүп турат. Ар бир мамлекет өзүнүн экономикалык-социалдык абалын жакшыртууга аракет көрөт эмеспи. Мындан биздин мекендештер жапа чегишүүдө. Бир ай ичинде патент алуу оор болгондуктан, кыргызстандыктар жакшы үмүттөр менен ыңгайлуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатышат. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга жакында киришин күтүшүүдө.
2015-жылдын май айында Кыргызстан ушул биримдиктин толук мүчөсү болуп, биздин жарандар жумушка орношууга Орусиянын жарандары менен тең укукка ээ болот. Демек, жумуш берүүчүлөр улуттук эмгек рыногун коргоо боюнча чектөөлөрдү эске албай КРнын жарандарын жумушка ала беришет",- деп түшүндүрүштү диаспора өкүлдөрү.