Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин маянасын 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап көтөрүү боюнча эсептөөлөрдү даярдоодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, документти мектеп мугалимдери, билим берүү жана каржы тармагынын эксперттери даярдап жатышат.
"Министр Эльвира Сариеванын билдиришинче, айлыктардын көтөрүлүшү сөзсүз түрдө мектептерде билим берүүнүн сапатына жана жакшы иштеген мугалимдердин эмгегин баалоого таасир этиши керек. Мектептерде маянанын аздыгын эске алуу менен бардык мугалимдердин кепилденген маянасынын базалык бөлүгүн жогорулатууну пландап жатабыз",- деп айтылат маалыматта.