Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын өздүк курамы менен машыгуу өткөрүлдү

Күжүрмөн даярдыктын 2015-жылкы планына ылайык, 30-январда 36806-аскер бөлүгүнүн полигонунда 01525-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы менен жеңил аткыч куралдар жана табелдик куралдардан атуу боюнча машыгуу өткөрүлдү. Маалыматты 4-февралда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти. Курал атууга келишимдик кызматтын аскерлери менен офицерлери катышты. Иш-чаранын максаты - буга чейинки курал атуу тажрыйбасын бекемдөө, бышыктоо жана офицерлердин ок атуу даярдыгы боюнча сабактарды уюштуруу жана өткөрүүдөгү практикалык милдеттерди жакшыртуу.

"Сабактардын жүрүшүндө өздүк курам Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн куралдануусунда турган аткыч куралдар боюнча теориялык билимдерин бышыктап, ок атуу чеберчиликтерин мыкты деңгээлдерге көтөрүү менен алектеништи. Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринде окутуучу атуулар Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгынын планына ылайык ай сайын өткөрүлөт",- деп билдирет мекеме. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан