Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлери 3-февралда ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда 2014-жылы коррупцияга каршы күрөшүү планынын аткарылышы жана Ички иштер министрлиги менен бирге жасалчу мындан аркы иштер талкууланды.
ММК фондунун коомдук кабылдамасынын жана ишеним телефондорунун иши, медициналык-санитардык акысыз жардам жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө маалыматтуулукту калк арасында жогорулатуу иши жана ММКнын Кошумча программасы тууралуу, ошондой эле укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген, саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы тууралуу сөз болду.
Жыйынтыгында эки ведомство коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча биргелешип иш жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алды.