Кыргызстанда 2014-жылы 8 мамлекеттик органдын статс-катчылары ээлеген кызматтарына ылайык келерин тастыкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы 5-февралда билдирди. Маалыматка таянсак, 21 мамлекеттик органдын статс-катчыларынын ишине мониторинг жана мекеме кызматкерлери арасында статс-катчылардын ишмердүүлүгү тууралуу анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында биринчи орунду Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова, экинчи орунду Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Болот Садыков ээледи.
Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сунушу менен аталган кызматкерлерге премьер-министрдин буйругу аркылуу алкыш жарыяланган.