"Ош аэропортунан акча тоногон кылмышкерлер өздөрү колдонгон SIM-картаны атайлап агам, маркум Санжар Кадыралиевдин атына каттатышкан",- деп билдирди депутат Ыргал Кадыралиева 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында. Анын айтымында, кылмышкерлер телефон номурун Санжар Кадыралиевдин атына каттатуу менен кылмышты бир тууганы Канжар Кадыралиевге оодарууга аракет кылышкан.
“Бул атайын жасалган иш, "подстава". Муну саясий буйрук деп айтуу керек. Мунун артында турган адам белгилүү партиянын өкүлү экени, алдынкы шайлоодогу негизги талапкер экени ачык эле айтылууда. Кылмышка шектелип кармалгандардын бири Абдисалам Амановдун үй-бүлөсү жакында маалымат жыйын берип, уулун укук коргоо кызматкерлери кыйнап, Канжар Кадыралиевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып жатышканын айтышыптыр. Бул фактыны иликтеп чыгууну талап кылам”,- деди Кадыралиева.