Кыргызстанда "Камелин" дарысын колдонууга тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутаттар сапатсыз дарыларды сатыктан алуу демилгесин көтөрүштү. Депутат Майрамкүл Тиленчиева "Камелин" дарысын колдонууну токтотуу зарыл экенин билдирди. Депутат аталган дарынын сапаты начар, бирок баасы кымбат экенин айтат. "Кыргызстанда онкологиялык ооруларга ушул дарыны колдонушат экен, бирок жыйынтык болбойт. Медиктер мага кайрылып, бул дарыны колдонууга тыюу салууну суранышууда. Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берип, бул маселени карап чыгуу керек",- дейт депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан