Парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутаттар Бишкек шаарындагы жол чырактардын иштешине нааразычылык билдиришти. Депутат Курманбек Дыйканбаев буларды айтты: "Бензиндин баасы ансыз деле кымбат. Айдоочулар жол чыракта токтоп турганда өкмөттү сөгүп жатышат, куйган бензини жол чыракта турган жеринен күйүп кетүүдө. Айрым жерлерде жол чырактын жашылы 10 секунд гана күйөрүн, жөө адамды өткөрүүнү күтүп турушса, кайра кызылы күйүп каларын айтышууда. Тартип деген болуш керек да. Кереги жок жерде жол чырак жөн эле турат, керектүү жерде жок".