Кара-Суу районуна сууну тазалоо үчүн кошумча штат бирдигин ачуу сунушталууда

Ош облусундагы Кара-Суу району – калкынын саны боюнча өлкөдөгү эң ири аймак. Аймак тургундары таза сууну Өзбекстандан алышат, азыркыга чейин суу тазалоочу жай жок. Дем алыш күндөрү жол коопсуздугуна кыйынчылык келгендиктен, кара-суулуктар суу тазалоо боюнча кошумча штат бирдигин ачууну суранышууда. Бул тууралуу депутат Абдимуталип Кочкорбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жергиликтүү тургундарды райондогу капиталдык курулуштардын абалы да тынчсыздандырууда. Мисалы, техникалык-экономикалык негиздемеси 50 миллион сомдук курулуштарга жарыяланган тендерлерди 40 миллион сомго кура турган компаниялар жеңип кетүүдө. Муну түшүнүш кыйын. Курулуш канчалык арзан салынса, анын сапатына ошончолук доо кетет. Өкмөт бул маселени иликтеп чыгышы керек",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан