Тайырбек Сарпашев Донецк жана Луганскка байланыштуу айткан сөзү үчүн бүгүн парламентте түшүндүрмө берет

Бүгүн, 5-февралда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Кара-Суу жана Араван райондорун Донецк менен Луганскка салыштырды" деген доомат боюнча Жогорку Кеңешке келип, депутаттарга түшүндүрмө берет. Муну вице-спикер Төрөбай Зулпукаров парламенттин 5-февралдагы жыйынында билдирди. Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 4-5-февралдагы жыйындарында депутаттар Сарпашев 2-февралда Кара-Суу жана Араван райондорун Украинанын Луганск менен Донецк Элдик Республикаларына салыштырып, туура эмес саясат жүргүзүп жатканын айтышып, бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан. 

  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан