"Бишкекте жолдор оңдолуп, шаар өнүгүүдө" дейт депутат Абдыманап Кутушев

Депутат Абдыманап Кутушев 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек, Ош шаарларында жолдор оңдолуп, курулуштар активдүү жүрүп, шаар өнүгүп жатканын билдирди. Депутаттар шаардын өнүгүп жатышы менен сыймыктанарын айтып, бирок айылдар оор абалда калып жатканына токтолду. "Эки шаарда жылыштар болуп жатат. Аймактарга да ушундай маани беришибиз керек, анткени мага Нарындын Кочкор районунан кайрылып, ички жол көйгөйлөрүн айтышты. Башка аймактарда деле ушундай маселе бар. Райондордун ички жолдорун оңдоого чоң жолдорго караганда анчалык көп каражат талап кылынбайт”,- дейт Кутушев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан