Кыргызстанда жакында түркиялык ишкерлердин катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү пландалууда

Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Ренат Түлөбердиев Стамбул шаарынын Соода палатасынын төрагасы Ибрагим Чаалар менен жолугушту. КРнын Тышкы иштер министрлиги 5-февралда билдиргендей, жолугушууда тараптар Түркиянын Көз карандысыз өндүрүшчүлөр ассоциациясы жана ишкерлери менен биргеликте 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда бизнес-форум уюштуруу боюнча сүйлөшүштү. Иш-чара эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты активдештире турганы белгиленди.  
"Түлөбердиев 2014-жылдын 12-13-декабрында Стамбул шаарында кыргызстандыктардын 3-Дүйнөлүк бизнес-форумун өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Чааларга ыраазычылык билдирди. Форумга Кыргызстанда иштеген түрк ишкерлери катышып, Бажы союзуна киргенден кийинки салык жана бажы саясаты кандай болору тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү маалымат беришкен",- деп билдирет министрлик.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан