Тарбиячыларга маяна төлөнбөй, Жалал-Абадда 9 бала бакча жабылуу алдында турганы айтылды

Тарбиячыларга маяна төлөнбөгөндүктөн, айрым бала бакчалар жабылуу алдында турат. Мындай маалыматты бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Нуркулов билдирди. Депутаттын айтымында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20 бала бакча ачылган болсо, бүгүнкү күндө алардын 9у жабылуу алдында турат. "Бул бала бакчалардагы тарбиячыларга каражат төлөнбөгөндүгүнөн болууда. Ансыз деле 1 жыл бекер иштеп беришкен. Ошону менен катар бала бакчалар жабылып калбасын деп өз чөнтөктөрүнөн да каржылап келишкен",- деди Нуркулов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан