Кыргызстанда ишкерлер доллар менен алган кредиттерин сомго которуп берүүнү суранышууда

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков Кыргызстандагы ишкерлер кыйын кырдаалга туш болгонун билдирип, өкмөттөн колдоо көрсөтүүнү суранды. Депутат доллардын курсу өсүп, банктар өз кызыкчылыктарын көздөө менен иш жүргүзүп жатканын айтат. "Жүздөгөн ишкерлер насыяларды доллар менен төлөп, доллар кымбаттаган сайын кыйын абалга кептелип жатышат. Бюджетке салым кошкон мындай ишкерлерге жардам иретинде өкмөт тарабынан тиешелүү чара көрүлбөй жатат. Алар алган кредиттерин доллардан сомго которууну суранышууда”,- деди Жумабеков.

Бул маселени парламентте башка депутаттар да көтөрүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан