Кыргызстанда букмекерлерден жылына 17 миллион 600 миң миллион сом салык түшөт

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутаттар букмекер кеңселерин жабуу демилгесин талашып-тартышууда. Маалыматка таянсак, букмекер кеңселеринен бюджетке жылына 17 миллион 600 миң сом салыктык киреше түшөт. Мындай кеңселердин жабылышын колдогон депутаттар "Мындай сумма көп деле акча эмес. Булар казинолордун эле куйругу, жаап салыш керек. Мамлекеттин бюджети арам акчага таянбашы керек. Казинолорду жабарда да "Кыргызстан эми ачка калат" дешти эле, жакшы эле жашап жатабыз го. Ошондуктан буларды жаап салуудан коркуунун кереги жок" деп билдиришти.  
Кеңселерди жабууга каршы депутаттар эгер букмекерлер жабылса, алар таап жаткан акчалар башка жолдор менен сыртка чыгарылып кетерин айтышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан