Жогорку Кеңеш бир катар мыйзамдарды күчүн жоготту деп табуу жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберди
"Кыргызстандын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары 5-февралда карап, 3-окууда добуш берүүгө жиберишти. Ага ылайык, колдонуудан чыккан 11 мыйзамды жаңы кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына карама-каршылыктарды жаратпашы үчүн күчүн жоготту деп табуу сунушталган. Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы Наталья Никитенко актуалдуулугун жоготуп, колдонуудан чыккан мыйзамдардын топтому даярдалып жатканын билдирди.