Дастан Бекешев: "Букмекердик кеңселерди жабуу алардын көмүскөдө иштешине жол ачат"

Парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев букмекердик кеңселердин иштешине тыюу салуу алардын көмүскөдө иштөөгө өтүшүнө жол ачарын билдирди. Депутаттын бул жаатта казинолорду мисалга тартып, жыйында отурган өкмөт өкүлдөрүнөн "Жок дегенде казинолор боюнча козголгон бир кылмыш иши аягына чыктыбы?" деп сурады. Букмекердик кеңселердин ишмердүүлүгүнө тыюу салууну сунуштаган демилгечилер 2012-2014-жылдары бир нече кылмыш иши козголгонун, андан ким утуп чыкканы белгисиз экенин билдиришти.

Бекешев букмекерлерди жабууга убакыт керектигин кошумчалады. "Казинолорду жабууга 9 ай мөөнөт берилген",- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан