Аида Саляновага юстиция министри кызматы сунушталып, бирок экс-башкы прокурор сунуштан баш тартты

“Ата Мекен” фракциясы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы юстиция министри кызматына сунуштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Райкан Төлөгөнов бүгүн, 5-февралда билдирди. Бирок Салянова сунуштан баш тарткан. "Сунуштан жеке маселелерине байланыштуу баш тартты. Так жообун айткан жок, мүмкүн, артында айтылбай турган маселе бардыр. Ал эми бул кызматка талапкер таап, ушул аптада карайбыз. Алмамбет Шыкмаматовдун жазган арызына кол коюла элек, мүмкүн, өзү ордунда калат",- деди Төлөгөнов. 

Эскерте кетсек, Шыкмаматов басылмалардын бирине "башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишинин артында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев турушу ыктымал" деген маалымат берген. Мындан улам Нарымбаев парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кайрылып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган. Коалициялык көпчүлүк маселени 2-февралда талкуулап, бирок бир жыйынтыкка келе алган эмес. Мындан кийин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан