Жазаларды аткаруу тутумуна толуктоо киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш 5-февралда “КРнын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карады. Долбоорду депутаттарга Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арбаев тааныштырды. Документтин максаты - мекемеге кызматка кабыл алынган талапкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү. Ага ылайык, кызматка алына тургандар сөзсүз аскердик милдетти өтөп келүүсү, 35 жашка чейинки куракта болуусу талап кылынат.

Жыйынтыгында демилге 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан