Кыргызстанда 1 килограмм унду байытууга 3 тыйын жумшалат

Кыргызстанда 1 килограмм унду байытууга 3 тыйын жумшалат. Муну парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат Талант Узакбаев билдирип, мындан ун чыгаруучу ири комбинаттар зыян тартпай турганын белгиледи. “Нан унун байытуу тууралуу мыйзамдын чакан тегирмендерге тиешеси жок. Ири ун заводдору үчүн гана сунушталууда. Жогорку жана 1-сорттогу ундарды сөзсүз байытуу талабы коюлууда. Байытуунун таасири ундун бааларына тийбейт”,- деди депутат.

Мындай демилге жогорку сорттогу ун даярдоо процессинде буудай данындагы витаминдердин көбү жок болуп кетишине байланыштуу сунушталууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан