Букмекер кеңселерин жабууга багытталган демилге 2-окуудан өттү
Өлкөдөгү букмекер кеңселеринин жана тотализатор бюролорунун иштешине тыюу салчу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 5-февралдагы жыйынында 2-окууда кабыл алды. Мындай сунуш жарандардын кумар оюндарына берилип кетип, жапа чегип жаткандыгынан улам демилгеленүүдө. Добуш берүүгө демилгечилердин мыйзам долбоорун кабыл алынгандан кийин дароо күчүнө киргизүү сунушу жана тармактык комитеттин мыйзам кабыл алынгандан бир жылдан кийин күчүнө кирет деген сунушу коюлган. Добуш берүүдө долбоор демилгечилердин сунушу менен өттү.