Жогорку Кеңеш "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" мыйзамдын макулдашылган долбоору кабыл алынды. Документке 104 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш берди. 
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" КРнын мыйзамына президент Алмазбек Атамбаев 22-ноябрда каршы пикир билдирген эле. Андан кийин макулдашуу тобу түзүлүп, президенттин каршы пикиринде айтылган кемчиликтердин үстүндө иштешкен. Андан кийин мыйзам долбоору кайрадан парламентке киргизилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан