Парламент чылым чегүүнү азайтууга багытталган мыйзам кабыл алды

Жогорку Кеңеш 5-февралда чылым чегүүнү азайтууга багытталган мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, тамеки тартууну кыскартуу үчүн Салык кодексине, Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске, "КР жарандарынын саламаттыгын тамекинин зыянынан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Ошондон улам Салык кодексине 2015-2017-жылдар аралыгында чылымга карата акциздик салыктын базалык бөлүгүн акырындык менен көтөрүү демилгеси сунушталууда. Андан сырткары 2015-жылдан тарта жөнөкөй белгиленген ставкага өтүү каралып жатат.

Жыйын жүрүшүндө акциздин суммасы 2015-жылы 550 сомго, 2016-жылы 730 сомго, 2017-жылы 950 сомго чейин көтөрүлүп, жылына бюджетке 500 миллион сом көлөмүндө кошумча каражат түшүп турары айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан