Сот аткаруучуларынын ишинин жөнгө салынышын тактоо үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоору 3-окууда, Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында кабыл алынды.
Юстиция министрлигинин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоорунда бири-бирин кайталаган, коллизиялык жана эскирген ченемдерди жоюу чаралары камтылган. Мындан тышкары президенттин "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору жөнүндө" жарлыгына ылайык, Сот департаменти Юстиция министрлигинин карамагынан чыгарылып, сот бийлигинин тутумуна киргизилген.
Ошону менен бирге мыйзамдан "башка", "эреже катары" деген сөздөр, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө кең ыйгарым укуктарды жана кандайдыр бир фактыларды өз алдынча баалоо укуктарын берген ченемдерди жоюу сунушталууда.