Анарбек Калматов өкмөт өкүлдөрүнө "депутаттардын кулагына лапша илгенди токтоткула" деди

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Анарбек Калматов өкмөт өкүлдөрүнө "Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясында 2017-жылга чейин 50 миң гектар жерди өздөштүрүү милдети коюлган. 2013-жылдан бери Айыл чарба министрлигинин бир дагы ишин көрө элекпиз. Качан башталып, качан бүтөт? Урматтуу министр, эмне иштерди жасадыңар?" деп суроо берди. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев суроого так жооп бере алган жок, "Иринжит, Бүргөндү өрөөндөрү боюнча иштер жасалды" деп билдирди. Мындан кийин депутат Калматов: 
"Мен ошол Иринжит өрөөнүнөн болом, кайсы жерди өздөштүрүп койдуңар? Бул жерде отуруп алып депутаттардын кулагына лапша иле бергенди качан токтотосуңар? Сары-Жайыкка суу бара элек, кайсы жерди айтып жатасыңар?"- деди. Буга өкмөт өкүлдөрү жооп кайтара алышкан жок. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан