"Кыргызстандагы 21 098 трактордун 17 851и жазгы талаа иштерине даяр" деди министр Айдаралиев

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн 2015-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматы угулууда. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин маалыматына ылайык, техникалар 83 пайызга даяр же республика боюнча 21 098 трактордун 17 851и ишке даяр. “Айыл чарбасын каржылоо-3” долбоору иштелип чыгып, тиешелүү министрликтер менен макулдашуудан өтүп жатканы айтылды.

"Чарбакер субъектилер үчүн 340 миң тонна минералдык жер семирткичтер: 200 миң тонна азот, 129 миң тонна фосфор, 11 тонна калий жер семирткичи талап кылынат. Бул багытта өткөн жылдагыдай эле келишимдер түзүлүп жатат. Жазгы айдап-себүүгө керектеле турган 40 миң тонна дизелдик майдын 34 миң тоннасы азыр даяр",- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан