2015-жылдын январь айында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 6 миллиард 580 миллион 271 миң сомду түздү. Анын ичинен эмгек акыга 1 миллиард 835 миллион 470 миң сом жумшалды. Бул тууралуу 4-февралда Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, январь айында «социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар» беренеси боюнча 1 миллиард 403 миллион 548 миң сом, «калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар» беренеси боюнча 526 миллион 167 миң сом, «имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча 319 миллион 461 миң сом каржыланды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды.