Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев айыл чарба багытындагы кичи кооперативдердин башын бириктирүү маселесин көтөрдү. Депутат ансыз жеке фермерлер жакшы иш алып бара албай турганын айтат. “Союз учурунда бизде жер кенен болчу. Азыр жерлер ар бир адам башына бөлүнүп кетип, фермерлерге жакшы шарт жок. Шарт түзсөк да, баары эле фермер болуп кетпейт, бизде шалаакысы, жатып ичерлери бар”,- деди Абдиев. Учурда өлкө боюнча 370 кооператив бар экени айтылды.
Жыйында өкмөттүн 2015-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматы угулууда.