Парламенттеги "Мамлекетти бекемдөө үчүн" көпчүлүк коалициясы 6-февралда жыйын өткөрөт. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жыйында карала турган маселе: "Республикадагы криминалдык жагдай, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү жана ушуга байланыштуу болгон тиешелүү маселелерди чечүү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо көрсөтүү".
Чакырылгандар:
Жоомарт Оторбаев – премьер-министр;
Абдырахман Маматалиев – вице-премьер-министр;
Индира Жолдубаева – башкы прокурор;
Бусурманкул Табалдиев - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Данияр Нарымбаев - Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчиси;
Кашкар Жунушалиев – Бишкек ШИИББинин башчысы;
Сергей Дьяченко – КР ИИМ ЖККнын башчысы;
Алымбай Султанов - Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;
Бактыбек Аширов - Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы.