Өкмөт жер семирткич чыгаруучу завод курууга кредит алуудан баш тартты. Муну биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 5-февралда парламент жыйынында билдирди. Маалыматка таянсак, Аксы районунун Тегене айылына курула турган заводдун долбоору даяр, болгону акча маселеси чечиле элек. "Заводду курмакчы болгон компания мамлекеттик кепилдик сурады. Заводду куруу үчүн Кыргызстанга насыя сунуштады, биз баш тарттык. Заводду жеке инвестициянын эсебинен курабыз",- деп билдирди Сарпашев.
Маалыматка таянсак, Кыргызстан жылына 340 миң тонна жер семирткич керектейт.