Нарындын Жерге-Тал айылындагы суу өткөрүүчү түтүктөр уурдалганы парламентте айтылды

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Бакыт Шаршеев Нарын районундагы Жерге-Тал айылындагы суу өткөрүүчү түтүктөрдү “Градиент” компаниясы уурдап кеткенин айтып чыкты. Депутат биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге“Жакшы билесиз, сиз менен ушул айылга “суу чыгарып берели” деп сүйлөшкөнбүз. Сиз макул болгон элеңиз. Жакында айылга барсам, ал түтүктөрдү сизге тиешелүү делип жүргөн “Градиент” компаниясы уурдап кеткенин айтышты. Ушул боюнча жооп берип коюңуз”,- деди Шаршеев.

Сарпашев суроого төмөнкүдөй жооп кылды: “Сиз Жогорку Кеңештин депутатысыз, жалган айтылгандарга ишенбей, прокуратурага кайрылыңыз. Ким күнөөлүү болсо, ал камалат”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан