Бүгүн, 5-февралда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Кара-Суу жана Араван райондорун Донецк менен Луганскка салыштырды" деген доомат боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына түшүндүрмө берди. Жогорку Кеңештин 4-февралдагы жыйынында депутаттар Сарпашев 2-февралда Кара-Суу жана Араван райондорун Украинанын Луганск менен Донецк Элдик Республикаларына салыштырып, туура эмес саясат жүргүзүп жатканын айтышып, бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан болчу. Сарпашев айтылган айыптоолорду четке какты.
“Ош облусундагы жыйында күн тартибине 10 маселе коюлган. Анын ичинде парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси да бар болчу. Жыйында улуттар аралык маселени бекемдөө маселеси козголуп, мен ал жерде отургандарга "Таасирдүү адамдар отурасыздар, 2010-жылы Ош окуясы болуп, Кудай сактаган. Учурда Донецк менен Луганскты көрүп жатасыздар, улуттар аралык мамилени жакшы карагылда, эч качан улуттар аралык мамилени бузбагыла" деген тапшырма койдум. Башка эч кандай сөз айткан эмесмин”,- деди Сарпашев.