"Быйылкы жылга жер семирткич алуу боюнча Өзбекстандын макулдугун күтүп жатабыз",- деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттин 5-февралдагы жыйынында. Анын айтымында, өкмөт Кыргызстанга жер семирткич жеткирүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу түзүү үчүн былтыр декабрь айында Өзбекстанга кат жиберген. "2014-жылы, макулдашууга ылайык, баасы 14,4 сомдон 70 миң тонна жер семирткич алынып келинген. Анда доллардын курсу 53 сом болчу, азыр 60 сом болууда. Жер семирткичтин баасы быйыл 10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Азырынча коңшу өлкөнүн жообун күтүп жатабыз",- деди Сарпашев.