Чыныбай Турсунбеков "Бишкек арак-ликёр” заводу боюнча айыптагандарды сотко берерин билдирди

“Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго “Бишкек арак-ликёр” заводун жакындаткандар болууда”,- деп билдирди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 5-февралда. Турсунбековдун аталган заводдун аукциондо сатылышына тиешеси жоктугу белгиленет. “Акыркы учурда айрым маалымат булактарындагы "Турсунбеков "Бишкек арак-ликёр" заводун Сергей Ибраимовго 6 миллион долларга сатты” деген маалымат чындыкка коошпойт. Буга байланыштуу депутат жалган маалымат тараткандарды сотко берерин билдирет”,- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан