Жогорку Кеңеште 5-февралда өлкөгө алынып келинген жаратылыш газына салынган бажы алымын алып салуу максатында иштелип чыккан "Бажы тарифтери жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Орусиядан учурда жаратылыш газынын 1000 метр кубу 165 доллардан сатылып алынып, калкка газдын метр кубу 13 сомдон сатылууда.
"Бул 2013-жылга караганда 1 сом 50 тыйынга арзан. Мыйзамдан 35 пайыздуу бажы алымын алып салбасак, 165 долларга дагы 58 доллар кошулуп, газдын баасы 17 сомго чейин кымбаттап кетиши мүмкүн",- дешти демилгечилер.