Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралып, 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Өкмөттүн берген маалыматына караганда, бюджеттин 20 пайыз каражаты же 22 миллиард сом мамлекеттик сатып алууларга жумшала турганы, иштеп жаткан мыйзамда коррупциялык жол ача турган ченемдер да камтылып калган. Ошондон улам мыйзам долбоорунда мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу жана коррупцияны четтетүүгө багытталган бир катар жаңы ченемдер киргизилип жатат.
Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы коррупциялык жосундарга бөгөт коюу максатында электрондук документ жүгүртүү кызматы киргизилди. Азыр тендерлерге катышууну көздөгөн компаниялар өздөрүнүн документтерин электрондук түрдө жөнөтө алышат. Тендер өткөрүү маселелерине байланыштуу мамлекеттик органдардын иш-милдеттери кайрадан ыраатташтырылып, тендердик документацияларды белгилүү бир мөөнөттө гана өзгөртүү шарты сунушталууда.
Тендер өткөрүүчү субъектилер өздөрүнүн алдын ала бекитилген планын бир жыл мурда берүүгө тийиш экени да белгилүү болду. Андан сырткары бул мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуу жүрүмүндө мамлекеттик каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш экени белгиленди.