Москвада өткөн Евразиялык комиссия кеңешинин жыйынында Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуу шарттары талкууланды

Москва шаарында 4-февралда Евразиялык комиссия кеңешинин Евразиялык экономикалык союз форматындагы биринчи жыйыны өтүп, ага экономика министри Темир Сариев жетектеген кыргызстандык делегация катышты. Жыйында негизги маселе Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушунан кийинки өткөөл мезгил жана шарттары жөнүндө протоколдордун долбоорун даярдоонун жүрүшү болгонун Экономика министрлигинен билдиришти. 
"Тараптар Кыргызстандын ЕАЭСке кошулушунан кийинки өткөөл мезгилге, преференцияларга байланыштуу маселелерди дыкат талкуулашты. Азыркы учурда кыргызстандык делегация өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын эске алуу менен аталган протоколдорду активдүү талкуулоону улантууда. Аталган документтердин долбоорлору боюнча иштердин жүрүшү бүгүн, 6-февралда өкмөт башчылардын деңгээлинде өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында каралат",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан