Учурда уюшкан кылмыштуу топтун 10 мүчөсү издөөгө алынды. Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча маалымат берип жатып айтты. “Учурда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Максат Абакировдун 5 жигитине эл аралык издөө жарыяланды. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалып, иш козгогонго чейин эле тосмо арыз менен чыгып кетип жатышат”,- деди Турганбаев.