Кыргызстанда былтыр 154 аймактык милиция бөлүмү ачылды. Муну парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди. Тармакты реформалоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи министр. "Былтыр милициянын 25 кыймылдуу пункту ачылды. Жашы жете электер боюнча профилактикалык иштер жүрүүдө. Учурда өлкөдө 550 Коомдук алдын алуу борбору иштеп жатат",- деди министр.
Айта кетсек, коалициялык көпчүлүк өлкөдөгү криминалдык кырдаал, кылмыштуулук менен күрөшүү маселелерин талкуулап жатат.