Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгү Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүлүп берилди. Муну ички иштер министри
Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча маалымат берип жатып билдирди. Андан сырткары министр
ички иштер органдарын реформалоо жана анын ишин жакшыртуу багытында ички иштер органдарынын тартиптик жаңы уставы жана жетекчи кызмат орундарына сынак өткөрүүнүн тартиби тууралуу жобо бекитилгенин кошумчалады. "Айрым ашыкча түзүмдөр жоюлуп, айрым түзүмдөр өзгөртүлдү, жаңы башкармалыктар түзүлдү. Ал эми бош калган бирдиктер аймактык бөлүкчөлөрдү бекемдөө үчүн өткөрүлүп берилди",- деди Турганбаев.