Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча Ички иштер министрлиги менен бирге иш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев 6-февралда парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында билдирди. Буга чейин УКМКда кылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча атайын түзүм болбогонун, өзү мекеменин башчысы болуп келгенден кийин мындай бөлүм иштей баштаганын кошумчалады Табалдиев. Анын билдиришинче, аталган түзүмдө жалпы 30дай адам иштеп жатат.