Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында депутат
Исмаил Исаков уюшкан кылмыштуу топтордун күч алып жатышына 9 себеп бар экенин айтты. Депутаттын пикиринде, алар төмөнкүлөр:
1. Укук коргоо
органдарынын кызматкерлеринин чиновниктер менен болгон байланыштары;
2. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлинин төмөндүгү;
3. Эски ыкма
менен иштегендик;
4. Укук коргоочулар тергөөдө сот органдары менен бирге иштебегендиги;
5. Укук коргоо
органдарындагы реформалардын жоктугу;
6. Өкмөттүн алдын ала чара көрбөгөнү;
7. Укук коргоо
органдарынын кылмыш материалдары менен кенен таанышпаганы;
8. Министрлердин
саясий аң-сезиминин төмөндүгү;
9. Кылмыштуу топтор тууралуу мыйзамдардын чийкилиги.