Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында депутат Акуналы Досалиев ички иштер министри Мелис Турганбаевден Чаткалда алтын казган ишкананын тонолгону боюнча иштин жагдайын сурады. “Былтыр сентябрда аталган райондогу "Фонта” ишканасынын кеңсесине бет капчан эки жигит кирип, компаниянын бир күндө өндүргөн алтынын тоноп кеткен. Алар ок атуучу курал менен кароолчусун ичке атып, дагы бир кызматкеринин акырегин сындырышкан. Алтындын көлөмү жалпы 5,5 килограмм болгон. Кармалган балдардын иши эмне болду?”- деп сурады депутат. Турганбаев бул боюнча маалыматы жок экенин айтты. “Бул чоң көлөмдөгү алтын. Тилекке каршы, бул факт катталбаптыр, менин маалыматым жок. Мен сураштырып, ишти карап чыгам”,- деди Турганбаев.