Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 5-февралда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Тараптар Кыргызстандын интеграциялык процесстерге катышуусуна тийиштүү маселелерди, эки тараптуу кызматташтыкты кеңири талкуулашканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчылар отун-энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, Орусияда иштеп жатышкан кыргызстандыктардын абалы, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу пикир алышкан.