Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси каралууда. Депутаттар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо боюнча парламент мыйзам кабыл алганын, ага ылайык, сот аталган топтордун мүчөлөрүн аныкташы керектигин, ушул кезге чейин канча адам кылмыштуу топтун өкүлү деп табылганын сурашты. Ички иштер министри Мелис Турганбаев мыйзам иштебей жатканын айтты. "Мыйзам кабыл алынган, бирок анын кантип ишке ашырылары жазылган эмес. Буга байланыштуу бир да адамды кылмыштуу топтун өкүлү деп табууга мүмкүн болгон жок. Биз бул боюнча концепция иштеп чыктык",- деп билдирди министр.