"Оор кылмыш кылгандарды атуу керек, эмне кылабыз аларды түрмөдө багып?!" деди министр Турганбаев

Ички иштер министри Мелис Турганбаев оор кылмыш жасагандарды өлүм жазасына тартууну колдой турганын билдирди. Муну министр Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы отурумунда айтты. "Оор кылмыш жасадыбы, аны атуу керек, эмне кылабыз аларды түрмөдө багып?!"- деди Турганбаев. Бирок мындайда эл милицияны жаман көрөрүн кошумчалады. "Бизди эл качан жакшы көрчү эле, баары жаман көрөт. "Кылмышкерди атыш керек" десем эле жаман көрүшөт",- деди министр. 
Жыйында кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча талкуу уланууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан