“Сириядагы согушка катышып келгендерди жазага тартыш керек”,- деп билдирди депутат Төрөбай Зулпукаров парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында. Депутат вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге кайрылып, өкмөт бул боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкпаса, парламент даяр экенин айтты. “Сиздер алып келбесеңиздер, биз киргизели, менде даяр турат. Жазага тартпасак, келип-кетип жүрө беришет”,- деди Зулпукаров.
“Мыйзамдарды кабыл алып жатабыз, бирок өкмөт аларды аткаруунун механизмин иштеп чыкпай жатат. Бул боюнча өткөн жылы жазында өкмөт жыйынына катышып, тапшырма бердим эле. Ушул жылдын январь айына даярдамакчы болгонсуздар. Бул боюнча экинчи жолу өкмөт башчыга кат менен кайрылдым, же 3-жолу жазышым керекпи?”- деди депутат.