Ош облустук жана Ош шаардык юстиция башкармалыгынын коллегиялык жыйыны өтүп, анда башкармалыктын 2014-жылы жасаган иштеринин жыйынтыгы талкууланды. Юстиция министрлиги 6-февралда билдиргендей, райондордун мамлекеттик нотариустары жана башкармалыктын аппарат кызматкерлери 2014-жылдын 12 айында жасалган иштери тууралуу кенен маалымат беришти.
"Коллегиянын жыйынтыгында катышуучуларга укуктук пропагандалоо иштерин күчөтүү, Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата тийиштүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү милдеттери тапшырылып, Юстиция башкармалыгынын 2015-жылга иш планы кабыл алынды",- деп билдирет министрлик.