КТРКнын башкы директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп
Илим Карыпбеков шайланды. Бул тууралуу
бүгүн, 6-февралда КТРКнын башкаруучу органы болгон Байкоочу кеңештин мүчөсү Фархад Бекмамбетов билдирди. Эске салсак, Коомдук каналдын башкы директору
Султан Жумагулов к
ызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Байкоочу кеңеш бүгүн арызды жабык эшик артында өткөн кезексиз жыйында карады.
Илим Карыпбеков 35 жашта. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, 2005-2007-жылдары Варшавадагы адам укуктары боюнча жогорку мектепти аяктаган. Учурда Юридикалык академияда, Борбор Азиядагы Америка университетинде, ошондой эле КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында окутуучу. "Медиа полиси" коомдук уюмунун негиздөөчүсү. 2009-2010-жылдары президенттин катчылыгында референт, андан соң коомчулук менен байланыш кызматын жетектеген. Кийин "Альфа Телекомдун" тышкы башкаруучусу болгон жана "Де-факто" гезитинин кожоюну, "Манас" аэропортунун Бишкектеги филиалынын директору кызматын аркалаган. КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы.